ЭЛДИК КАБАР: Окурман электр жарыгын үнөмдөө режими айрымдар үчүн иштебей жатат деп нааразы

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал учурда актуалдуу болуп жаткан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча пикирин билдирген.

"Мына туугандар, бул Ош шаары. Азыр түнкү саат 3:05 мүнөт өттү. Эч кандай үнөмдөө режимине өткөн жок. Бардык жак жаркырап эле турат. Же Тажикстандан алган жарык жетиштүү болот деп ойлоштубу? Түшүнүксүз.

Эгер үнөмдөө режимине өтө турган болсок, баарыбыз чогуу өтөлү", - деген окурман.

Ошондой эле ал шаардагы скверди видеодо көрсөтүп, адам жок болгонуна карабай электр жарыгы өчпөй турганын билдирген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ошто бардык жак жаркырап турат, үнөмдөө деген жок" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан