Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавируска каршы вакциналар жетиштүү. Бул туурасында брифингдин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова белгиледи.
"Вакциналар баарына жеткиликтүү жана бекер. Июлда массалык эмдөө башталгандан бери ачылган бардык эмдөө борборлорунда жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында 1000ден ашык эмдөө пункттары иштеп жатат.
Октябрь айында Pfizer 259 миң доза, Sinopharm 110 миң доза жана AstraZeneca 50 миң доза келери күтүлүүдө", - деди борбордун директору.