Ош. Шаарда жаңы фельдшердик-акушердик түйүндүн курулуусу күтүлүүдө

Ош шаарынын “Жибек Жолу” аймактык кеңешине жаңы фельдшердик-акушердик түйүндүн курулушу пландалууда. Аталган аймак шаардан алыс болгондуктан оорукана, поликлиника буга чейин болгон эмес.  Долбоор АКШнын ЮСАИД  Эл аралык уюму тарабынан ишке ашырылууда. Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары көмөктөшүп, курулуш иштерине 30 миң сом бөлүп беришти. Ал эми шаардын мэриясы 155 миң сом акча каражатын бөлдү. Ошондой эле аталган аймактын жашоочулары имараттын курулушу үчүн 86 миң сом чогултуп беришкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан