Биз социалдык тармакта

Сүйлөшүүлөр тыңшалып жатканы боюнча Клара Сооронкулованын кайрылуусуна Башкы прокуратура жооп бере элек

Буга чейин социалдык тармакта "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен партиянын мүчөсү Рита Карасартованын шайлоого катышпоо боюнча сүйлөшкөн аудиосу тараган.

Кийинчерээк "Бул эки курбу кыздардын сөзү" деп Сооронкулова аудиодогу Рита Карасартова менен талкуу чындап эле болгонун тастыктап, Карасартова менен биргеликте башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышкан.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Башкы прокуратура тарабынан жооп болдубу деп Клара Сооронкуловага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Эч кандай жооп болгон жок. Бүгүн кол коюп туруп расмий түрдө кайра алып барып таштап коём. Булар ачык кайрылууга жооп бериш керек эле, жооп болбоду", - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан