Биз социалдык тармакта

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова башкы прокурорго кайрылышты

"Реформа" партиясынын өкүлдөрү Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышты. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчаларына жарыялашты.

Анда алар Баш мыйзамдын 29-беренесине шилтеме кылышкан. Беренеде "Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, абийиринин жана ар намысынын корголушуна укуктуу. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет" деп жазылган.

Социалдык тармакта "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен партиянын мүчөсү Рита Карасартованын шайлоого катышпоо боюнча сүйлөшкөн аудиосу тараган.

Бул боюнча Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Адам баласы сүйлөшпөй коймок беле. Албетте, сүйлөшөбүз да. Тегеректе болуп жаткан көйгөй тууралуу сүйлөшөсүң. Бизди аңдып жатыптыр деп сүйлөшпөй коё албайбыз. Биз эмне кылмыш жөнүндө сүйлөшүп жатыптырбызбы? Оппозициялык партияларга тизме түзүү оңой эмес. Бул расмий сүйлөшүү дагы эмес, Рита Карасартова экөөбүз партиянын ичинде болуп жаткан маселелерди талкуулаганбыз. Бул эки курбу кыздардын сөзү. УКМК же ИИМ биздин Телеграмдагы аккаунтту бузушуп, сүйлөшкөнүбүздү угушуптур", - дейт Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
XATSAN125
2021-10-01 11:35:03
Лично мага койсо экоону тен чычкан даары берип олтурмокмун.Баргыла тиякта билген богунарды жеп журо бергиле деп
+6
Jelezo
2021-10-01 19:52:30
XATSAN125, Атаңды жыга чаптыбы бул экөө
-3
XATSAN125
2021-10-01 11:43:46
Байталга байге жок дейт Кыргызда.
+5
Jelezo
2021-10-01 19:53:17
XATSAN125,байгеге байтал чаап сорун алып жатышбайбы
-1
muku.85
2021-10-01 11:56:18
Куйгондо да ушулардан куйдук го
+3
nazira...
2021-10-01 12:01:01
А эмне үчүн бизге окшоп эле телефон менен сүйлөшпөйсүңөр. Өзүңөрдө бар бекинип Телеграммда эмне бар эле, мынтип өзүңөр эле билдирип аласыңар анан.
+1
Kuban-1207
2021-10-01 13:29:25
Бул эки катынды эмне кылсак кандай жоготуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан