Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери башталды.
Бул Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келип, 6:4 эсебинде жеңишке жетти.
Биринчи бөлүктө башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков тынч эле отурган. Биринчи бөлүк 4:0 эсебинде каршылаштын пайдасына аяктагандан кийин, экинчи бөлүктө ордунан тура калып Айсулуу Тыныбековага насаатын айтып жатты.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. 1/4 финалда Айсулуу Тыныбекова Беларусь өлкөсүнөн келген Вераника Иванова менен кез келет.
Айсулуу Тыныбекова быйыл жайында Японияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган.