Бүгүн, 5-октябрга карата COVID-19 жана пневмония илдети өлкө боюнча дагы 69 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикалык маалыматы боюнча, соңку суткада Ош жана Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек - 32;
Чүй облусу – 21;
Талас облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 6.
Коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүндө катталган күндөн тарта жалпы 178 миң 852 адам жабыркады.
Акыркы бир күн аралыгында 84 адам коронавирустан айыгып чыкты. Жалпы 173 миң 622 болду.