Түркиянын 31 шаарына 48 сааттык коменданттык саат жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги коронавирустун өлкөдө тез жайылышынан улам 11-12-апрелде Стамбул, Анкара, Измир, Анталия жана башка ири шаарларында жарандардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды. Коменданттык сааттын талаптарын бузгандарга 60 доллар айып пул салынат.