Мурдагы ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-башчысы Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
"Мелис Турганбаев бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөттү. Ал №28 Октябрь районунда шайлоого катышканы жатат. Талапкер БШКга документтерин тапшырды, эми ал депутаттыкка талапкер катары катталып, күбөлүк бериши керек", - дешет мекемеден.
Шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.