Акын Нурлан Калыбеков 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган союздун басма сөз катчысы Нурбек Маамытбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Москва шаарында өткөн мамлекеттер аралык "Евразия дүйнөсү - XXI кылым" форумуна катышып, мамлекеттер арасында маданий кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн 1-даражадагы Евразия ардак белгиси менен сыйланды. Аталган форум Орусиянын президенттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп, 2021-жылдын 3-октябрында өттү", - деп билдирди Нурбек Маамытбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан