Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына “Майрамды бар же жок кылышты мен чечпейм” деп билдирди. 7-ноябрь Улуу октябрь социалисттик революциянын күнүнө карата акция өткөрүлгөн. Анда Коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажибекова “майрамдарды жоюу боюнча сунуш киргизген Алымкулов АКШнын атайын кызматынын көрсөтмөсүн аткарып жатат. Аны кызматтан алуу боюнча бийликтин 3 бутагына кайрылабыз” деген.
Бул боюнча Алиясбек Алымкулов: “Орусиянын кээ бир шаарлары да бул майрамды белгилеген жок, алар да АКШнын көрсөтмөсүн аткарып жатабы? -деп таң калганын жашырган жок. “Майрамдарды бар кылыш, жок кылышты мен чечпейм. Кыргыз мамлекетинде жашаган атуулдардан бизге кайрылуу келди. Кайрылуулардын негизинде элдин талкуусуна алып чыктык. Талкуудан өткөндөн кийин аны Жогорку Кеңеш чечет. Биз аны чечпейбиз. Болгону элдин талабын, кайрылуусун аткарып жатабыз. АКШнын эч кимисин тааныбайм, тааныган да эмесмин. Эл айта берет экен. Жетим балдарды үйлөнттүң деп да күнөөлөп жатышат. Жетим болгонуна күнөөлүү ал балдар?”,- деди ал.