Кыргызстандагы Коммунисттер партиясы 4 майрамды жоюу демилгесин көтөрүп чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловду кызматтан бошотууну бийликке сунуштап жатат. Аталган партия 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциянын күнүнө карата акция өткөргөн. Анда Коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажибекова майрамдардан баш тартуу демилгесин көтөргөн министрди кызматтан бошотуу боюнча бийликке кайрыларын айтты.
“Алымкуловго окшогон азыркы демократтар АКШнын атайын кызматынын көрсөтмөсү менен 1-май, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү сыяктуу майрамдарды жоюуну айтып жатат. Совет мамлекети Кыргызстанга мамлекеттүүлүктү берди. Алар майрамдарды жок кылганы жатышат. Алымкуловду кызматтан бошотуу үчүн бийликтин 3 булагына кайрылабыз”,- деди Ажибекова.