Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кечээ, 6-ноябрда Кыргызстандагы Канаданын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Стефен Милларды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Жантөрө Сатыбалдиев элчинин ишин жогору баалоо менен, эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү маанилүү экендигин белгилеп өттү. “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу жаатындагы маселелерди талкуулашты. Мындан сырткары эки тарап Кыргызстан менен Канада өнөктөштүгүнүн пайдасы үчүн достукту мындан ары чыңдоо кызыкчылыгында кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.
“Өлкөнүн экономикасы үчүн кен -чоң мааниге ээ. Меморандумдун мазмунун иштеп чыгууда биз негизги максатты көздөдүк. Ал – эки тарпты тең “Centerra Cold Ink.” компаниясын да жана Кыргыз Республикасын да канааттандырган вариант болуш керек”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев. Өз кезегинде Стефен Миллар “Кумтөр” долбоору боюнча бардык кызыктар тарап жеңишке жетишкен келишимге келүүнүн маанилүүлүгүн айтты. “Мен өлкөнүн парламентинин мурда кол коюлган Меморандум боюнча белгилүү көз карашы бар экендигин жакшы түшүнөм. Бирок, бул сүйлөшүүлөр ашыкча саясатташпай, экономиканын тегерегинде өтүүсү абдан маанилүү. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин депутаттары жана министрликтердин жетекчилери менен жолугушуу учурларында айтып жатам. Эки тарап тең “Кумтөр” компаниясынын туруктуу иштөөсүн камсыз кылган келишимге келүүсү абзел. Бул кыргыз экономикасына салым кошууга даяр болгон бардык инвесторлорго оң натыйжа берет”,- деди элчи.