Ысык-Көлдүн айылдарын таза суу менен камсыз кылам деген Муратбек Исмаилов

Муратбек Исмаилов акыркы жылдары Ысык-Көл облусунун айылдарын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жатат. Ал чакан жана орто ишкерлик, облустагы айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана муктаж болгон жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча түрдүү долбоорлорду аткарууга каражат таап ишке ашырды.

Муратбек Исмаилов Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча эң орчундуу долбоору тууралуу айтып берди.

"Өлкөбүздүн 20 айылында таза суу системаларын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө көмөк көрсөттүк. Анын ичинен Тоң району боюнча Кажы-Саз, Төрт-Күл, Туура-Суу жана Көк-Мойнок айылдары, ал эми Жети-Өгүз районунда Жалгыз Өрүк, Ырдык, Тосор жана Оргочор айылдарында элди таза суу менен камсыздадык", - деди Муратбек Исмаилов.
Анын командасы алдына дымактуу милдетти коюп, үч жылдын аралыгында бүткүл Кыргызстан боюнча 30 айылды таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатат.
“Биздин өлкө суу ресурстарына бай болгону менен дайыма таза суу тартыштыгына байланыштуу көйгөйгө кептелебиз. Бул мени абдан түйшөлтөт, анткени суу – бул өмүрдүн булагы эмеспи, - деп сөзүн улады Муратбек Исмаилов. - 1991-жылы эгемендик алгандан бери Кыргызстандын айылдарында таза суу менен камсыз кылуу системасы борбордукунан ажыратылган. Анткен менен, айылдагы суу менен камсыз кылуу системасынын менчик укугу жана жоопкерчилиги мыйзам аркылуу такталган эмес. Натыйжада суу менен камсыздоо инфраструктурасынын чоң бөлүгү талкаланды жана жараксыз абалга келди. Ушул күнгө чейин Кыргызстандын калкынын дээрлик жарымы таза сууга жетпейт. Айрым айылдарда адамдар сууну булактардан жана кудуктардан алат. Сиздер билгендей, андагы суунун сапаты начар, кээде жадакалса ден соолукка кооптуу. Мындай суулардан ооруп калуу тобокелчилиги өтө жогору”.
Исмаилов кошумчалагандай, өзү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында чоңойгон жана катардагы айылдык тургундар көп жылдар бою туш болуп келе жаткан кыйынчылыктарды жакшы билет.
“Өмүр жолумдун башынан тарта таза суунун тартыштыгы боюнча маселени чечүүнү кыялданчумун. Биз буга чейин эле көп нерсе жасадык жана Ысык-Көлдүн сегиз айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылганыбызга кубанам. Бүгүнкү күндө көптөгөн жердештеримдин кыялын ишке ашырууга жана он миңдеген кыргызстандыктардын дени сак келечеги үчүн чоң кадам таштоого жакындап калдык”, - деп сөзүн жыйынтыктады Муратбек Исмаилов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-10-05 17:58:09
Ии депутаттыкка талапкердигин коюптурбу?Супер инфо жон чыгарчу эмес.Эгер ошондой болсо үгүт иштери баштала элек.Жоопкерчилик тартып калбагыла.
+3
Antiradikal3
2021-10-05 20:35:29
Эртелеп эле угут иши башталган корунот.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан