Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта күмүш байгеге ээ болду.
Кыргыз балбаны финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кез келди.
Биринчи бөлүктө атаандашы активдүү болбогону үчүн калыс эскертүү берип, кыргыз балбанына 1 упай ыйгарды. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүктө атаандашы Эрназар Акматалиевди килемден сыртка түртүп чыгып, эсеп санын 2:1 кылды. Муну менен атаандашы убакытты кармап 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Эрназар Акматалиевдин аягына чейин тырышып күрөшкөндүгүн баса белгилей кетүү керек. Ал Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эркектер арасында эркин күрөш боюнча алгачкы күмүш медаль уткан балбан болуп тарыхта калды.
Бул медаль Дүйнө чемпиондугундагы Кыргыз курамасынын экинчи медалы. Буга чейин 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло медаль уткан.