Осло: "Тарых!". Айсулуу Тыныбекова кайрадан Дүйнө чемпиону болду

5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 62 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Миракл аттуу балбан кыз менен кез келди.

Биринчи бөлүктө калыс каршылашка активдүү болбогону үчүн эскертүү берип, кыргыз балбанына бир упай ыйгарды. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова эки упайлык ыкма жасап, эсеп санын 3:0гө айлантты. Буга каршылаштын машыктыруучусу нааразычылыгын билдирип, челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоодон кайра кайталап көрүп, Айсулуу Тыныбековага дагы бир упай ыйгарышты. Андан кийин Айсулуу Тыныбекова атаандашты килемден түртүп чыгарып, дагы бир упай алды.

Беттеш аяктарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова муну менен Кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугундагы үчүнчү медалды алып келди. Буга чейин 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев күмүш, 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге уткан.

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Mister-XXX
2021-10-06 00:46:04
Азаматсын Айсулуу!
+9
Chagylgan7
2021-10-06 01:20:35
Айсулуу Тыныбековага арнап биз деле кино тартсак болот Эле озучу
+8
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-06 02:16:43
Chagylgan7, кошулам! Спорткино болсо сонун болот.
+4
souza.j
2021-10-06 03:46:43
Chagylgan7,жакшы идеа. Жаштарга стимул болгудай кылып
+4
nazira...
2021-10-06 01:28:29
Ураааа!!!
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-10-06 02:01:11
Азаматсың Айсулуу!
+2
Sajakat14
2021-10-06 02:10:44
Куттуктайм! Азамат Айсулуу!Ден соолукта бол!
+2
wotkg
2021-10-06 03:17:39
Азаматсын кыргызымдын сыймыгы. Жаратканым озу сени жаман коздон, жаман создон сактасын.
+2
Dembele84
2021-10-06 08:07:01
Олимпиадада финалда женген кыз келбедиби
-2
Arianaa
2021-10-06 08:15:25
Dembele84,японка катышкан жок быйыл.
0
Ormuzan-Aral
2021-10-06 14:12:02
Азаматсың Айсулуу,биз сени менен сыймыктанабыз.
0
NURSAPAR
2021-10-06 18:45:59
Баарыңар азаматсыңар, ушинтип Кыргыздын намысын коргоп жүрө бергиле!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан