Парламенттик комитетинде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

5-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мыйзам долбоору, мамлекеттик ишканаларды түзүмдөштүрүү жана аларды менчиктештирүү, жеке башкаруучуларга өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди камтыйт.

Министрлер кабинетинин алдында мамлекеттик менчик түзүмдү, анын ичинде атаандаштыктын курчоосунда иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ири компанияларды, акциялардын мамлекеттик пакетин жана үлүшүн менчиктештирүү маселеси каралууда.

Бирок түз мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык-маанилүү кызматтарын көрсөткөн, мамлекеттин менчигинде турган социалдык объекттерге карата менчиктештирүү маселеси каралбайт.

Талкуу маалында депутат Айнура Осмонова менчиктештирүү кандай жагдайда ишке ашырыларына кызыкты. Өз кезегинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мирлан Бакиров менчиктештирүү программасы ири этаптардын негизинде ишке ашырыларын белгиледи. “Акыркы үч жыл аралыгында менчиктештирүү жүргүзүлгөн эмес жана бир да мүлк сатыла элек. Менчиктештирүү атайын сынактын, аукциондун жоболорунун, баалоо процессинин негизинде ишке ашыралат”, – деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан