8-ноябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +8 градуска чейин, түнкүсүн +2 градуска чейин жылуу
Талас облусунда күндүз +8 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -6 градуска чейин суук
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12 градуска чейин, түнкүсүн +2 градуска чейин жылуу
Баткен облусунда күндүз +10 градуска чейин, түнкүсүн +2 градуска чейин жылуу
Ысык-Көл облусунда күндүз +7 градуска чейин, түнкүсүн +5 градуска чейин жылуу
Нарын облусунда күндүз +7 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -10 градуска чейин суук
Бишкек шаарында күндүз +8 градуска чейин, түнкүсүн +1 градуска чейин жылуу
Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тарых барактарына үңүлсөк, 2008-жылы 8-ноябрда Талас шаарында түнкүсүн +6 градус ысык болcо, 2011-жылы 8-ноябрда Нарында абанын температурасы түнкүсүн -2 градус суук болгон.