Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Парламент жыйынында чиновниктердин арасында кыскартуу күтүлөрүн экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында, министрлер кабинети жөнүндө мыйзам долбоорунун күчүнө кириши менен мамлекеттик кызматкерлер арасында 30 пайызга кыскартуу күтүлөт. Ал бардык иштен бошотулган чиновниктерге эмгек кодекси боюнча компенсация төлөп берүүнү убада кылды.
"Аппараттын деңгээлине көтөрүлгөндөр жумушсуз калбайт деп ойлойм. Колдон келгенче жумуш таап берүүгө аракет кылабыз. Бирок кимдир-бирөө жумуш таба албаса, анда жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат", - деди ал.