ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү мекендештердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү мекендештеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү Москва шаарында ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү бош убактыларында спорт залдарда машыккан Кыргыз жарандары менен жолугушуу уюштурду. Спортчулар менен жолугушуу жана маектешүү учурунда ИИМдин кызматкерлери келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө эскертишип, кылмыштарды жана укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчилик каралганын айтышты.

Эки же андан көп административдик укук бузуулар үчүн мигранттар “кара тизмеге” кирип, өлкөдөн чыгарылып калышы мүмкүн.

Биздин айрым жарандар баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатуу же өткөрүп берүү аракеттерин жасаган учурлары катталып жаткандыгы жөнүндө кабардар болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан