Буга чейин Айнуру Алтыбаева Ош эл аралык аэропортунда элди 20 мүнөт күттүрдү деген видео жарыяланган. Бул боюнча депутат Айнуру Алтыбаева SUPER.KG порталына жооп берди.
"Мен тууралуу айтылып жаткан кептер жалган. Анткени мен Ош эл аралык аэропортко өз убагында баргам. Учак эмне себептен кечигип жатканы мага да кызык эле. Көрсө, алар учакты алмаштырышкан экен. Биз күтүп жаткан учурда кызматкерлер унаа менен учакка чейин жеткирип коюшту. Жанымдагы адамдар менин туугандарым эмес, алар да мен сыяктуу эле жүргүнчүлөр. Учакка кирген учурда ал алмашкандыктан ичиндеги жүргүнчүлөр өз орундарын таппай убара болушту. Бейкапар отурганда мен тууралуу мындай маалыматтын чыгып кетиши таң калтырды. Албетте, бул туура эмес маалымат. Аэропорттун кызматкерлери бул маалыматты такташат. Эмне үчүн учак кармалганына мен эмес, алар жооп бериши керек", - деп билдирди Айнуру Алтыбаева.