Жылнаама, 9-ноябрь: СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов туулган

*1939-жылы Сүймөнкул Чокморов төрөлгөн (74 жыл мурун). Кененирээк маалымат берсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу азыркы Аламүдүн районунда жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде ооруп жүрүп, оорусунан айыгуу максатында  спорт менен машыккан. Волейбол боюнча Кыргызстандын жана Ленинград курама командасынын оюнчусу болгон. 1964-жылы Ленинград шаарындагы Көркөм сүрөт академиясын аяктаган. 1969-жылы 25-ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун указы менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. Бул Сүймөнкулдун биринчи сыйлыгы эле. 1969-жылы ЦК ВЛКСМдин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1975-жылы 28-ноябрда кыргыз киноискусствосунун өнүгүшүнө кошкон чоң салымы үчүн "Кыргыз ССРинин Эл артисти" деген ардак наам алган. Сүймөнкул Чокморов элге кеңири тараган "Караш-Караш ашуусунда атылган ок", "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Дерсу Узала" жана башка көптөгөн тасмаларга тартылган. Ал 1992-жылы 52 жаш курагында каза болгон.   

*1906-жылы Биринчи жолу SOS (белгилүү жардамга чакыруу, сигнал) берилген (107 жыл мурун).

*2006-жылы Кыргызстанда бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп чыккан  Конституция кабыл алынган (7 жыл мурун).

*1989-жылы Кытай Элдик Республикасынын аскердик-борбордук кеңешинин башчысы Дэн Сяопин отставкага кеткен

(24 жыл мурун).

*1818-жылы Орус жазуучусу Иван Тургенев төрөлгөн (195 жыл мурун).

9-ноябрда дүйнөнүн жана Кыргызстандын тарых барактарында бир топ маанилүү окуялар катталган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан