Акыркы суткада 2 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондор COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 616 адам көз жумду.