Орусиянын борбору Москва шаарында коронавирус инфекциясы күн санап күчөп жаткандыгына байланыштуу шаар мэри Сергей Собянин шаардагы карантин шартын 31-майга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Жарлыкта 12-майдан баштап москвалыктардан автоунааларда, анын ичинде таксилерде жана дүкөндөрдө бет кап жана кол кап кийүү талап кылынат. Собянин кол койгон дагы бир документке ылайык, жумушчу өткөрмө кагаздар автоматтык түрдө 31-майга чейин узартылат.
Буга чейин шаар мэри Москвада абал курч болуп жатканын, коронавирус пандемиясы шаарда узак убакытка созуларын айткан.