"Facebook" компаниясы медицина кызматкерлерине 720 миң бет кап берди

"Facebook" компаниясы медицина кызматкерлерине 720 миң бет кап берди. Бул жөнүндө компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг социалдык тармактарга билдирген.

Анда ал учурдагы дүйнө жүзүнө тарап жаткан COVID-19 пандемиясынын кесепетинен медицина кызматкерлерине эң керектүү каражат болгон 720 миң бет кап берген.

"Учурда медицина кызматкерлерине көп сандагы коргоочу каражаттар өтө зарыл болуп жаткан кези. Компания тарабынан бул жаатта жардам катары 720 миң бет кап берилди", - деген Цукерберг.

Мындан сырткары компания мындан дагы көп жардам берүү үчүн өз ишмердүүлүгүн уланта бермекчи экендигин кошумчалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан