АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам каза тапкан адамдын аты-жөнү такталды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигине 1993-жылы туулган Кыргыз жараны М.Н.нын өлүмү тууралуу маалымат келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, 5-октябрда полиция кызматкерлери ага бир нече жолу ок чыгарган", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик окуянын бардык жагдайларын түшүндүрүү өтүнүчү менен Мамлекеттик департаментке жана АКШнын Ички Коопсуздук Департаментине кат жолдогонун билдирди.
"Маркумдун жакындары сөөктү керектүү документтер толтурулган соң Кыргыз мамлекетине жөнөтүүнү пландап жатышат. Элчилик өз кезегинде маркумдун бир тууганы менен байланышта болуп, тиешелүү документтерди даярдоого мүмкүн болгон жардамын көрсөтүүдө".
Ошондой эле элчилик бул маселе министрликтин жана Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.