Осло: Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде он тепкичке жогору көтөрүлдү

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткандан кийин дүйнөлүк рейтингде күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта үчүнчү орунга жайгашты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Кыргыз балбаны 54 упайы менен рейтингде үчүнчү орунга жайгашты. Ал эми рейтингде биринчи орунда Жоламан Шаршенбеков финалда жеңилген молдовалык Виктор Чобану турат. Анда 76 упай бар. Экинчи орунга "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге уткан кубалык Луис Альберто Санчес 68 упайы менен жайгашты.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалында Виктор Чобануга 9:3 эсебинде жеңилип калган.

Жоламан Шаршенбеков буга чейин дүйнөлүк рейтингде 13-орунда турчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ErkinOkenovich
2021-10-10 10:36:04
Азамат мыкты учтуктосун бул да болсо жетишкендик жигиттин!
+1
KG-312
2021-10-10 16:23:35
Черттуку, нарындын этин жебей калган экен элеңда))!!!
+2
malika79
2021-10-10 18:57:48
Эт бербей койгонго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан