"iPhone 13 жана сансыз белектерге чулганып". Лазат Нуркожоеванын туулган күнүндөгү видео, сүрөттөр көпчүлүктүн көңүлүн бурду

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун карындашы, "Кыргызстан сулуусу-2020" аталган Лазат Нуркожоева шаардагы тойканалардын биринде 21 жаш туулган күнүн белгиледи. Кечеден тартылган видео, сүрөттөрдү ал өзүнүн баракчасынын сторис функциясына жайгаштырды. Белектерге жана эмоцияларга бай болгон бул кече бат эле интернет колдонуучулардын көзүнө илинип, ушул тапта анын айланасында кызуу кептер айтылууда.

Лазат Нуркожоеванын туулган күнүнө жакындары, курбулары, достору жана шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү катышкан. Ал туулган күнүндөгү эң баалуу белек жаңы үлгүдөгү iPhone 13 смартфону болгонун айтты.

Мындан тышкары, Лазат Нуркожоева 20 жашын былтыр октябрь окуясында "Ала-Тоо" аянтында белгилегенин айтты.

Лазат Нуркожоева 21 жашын белгиледи
Лазат Нуркожоеванын туулган күнүнөн видео
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы болобу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
voennyi88
2021-10-10 22:55:52
Менин дагы жакында туулган күнүм. Супер инфо айтам Сиздерге.
+15
Omyke
2021-10-10 23:13:36
Эх замана замана былтыр ала тоо аянтында уч уктасан тушуно кирбесе керек азыркы жашоон))
+24
KaGaH
2021-10-11 00:22:07
Кошоматчылар көбөйдү
+16
Jaka1978
2021-10-11 00:41:29
Максима Бакиева
+12
Alinur96kg
2021-10-11 01:19:57
Эми эмне дейбиз.Азыр катуу осурсан да сени мактай турган убакыт болуп атат окшойт да.А так туулган кунун менен.
+11
nazira...
2021-10-11 07:15:58
Балээ болду
+9
Antiradikal3
2021-10-11 10:21:49
Садыр камалса "Садырга боштондук" деп ысыкта суукта митингге чыгып жан тартып жургон карапайым элдин жашоосу эптеп отуудо, озу менен озу болуп. Ошол учурда бул кыз жылуу уйундо отурчу, эл Садырды ойлоп митингдерге чыгып жургондо. Тагдырдын адилетсиздигин кара, ошол карапайым элдин жашоосу озгоргон жок, ал эми бул тууганы Раим миллионердин жээнине окшоп кутуруп баштады... Эмне дейбиз, бийликке баргандан кийин ажыдаарга айлангандарга Кудайдын жазасы бардыр.....
+9
aziret-92
2021-10-11 10:39:32
Сынчы,ушакчылар только эркектер го.
УЯТ.
-6
Miraida-toktosunova
2021-10-11 10:45:04
Атана айтып койчу Лазат светти очурбосун. Свет очо берип карапайым элди суукта кыйнадыго домдо жашагандар, базарда отургандар калчылдап калдыго жумасын эки жолу очуруп атат. Кун жылууда бир жолу очуруп атты элего. Свет жок суукта жаш балдар грипп болуп кыйналып кеттик. Карапайым элин ойлосо светти очурбой эле койсунчу.
+8
Egizderim-baktim
2021-10-11 10:57:35
Скромная болгон жакшы гоо. А то президенттин наамын булгап атат. С. Жапаров болбогондо туулган кунунду деле унутуп иштеп журмоксун талаалап
+6
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-11 11:45:48
Бир кумалак бир карын майды чиритет болбой, ата - энеңдин кашында тоссоң болмок. Кечээ подарка берип чуркаган подхалимдер дагы алкыш айтышмак..
+3
Noon
2021-10-11 18:49:15
Кандай жакшы э жакшы жашаган. Биз да ушундай туулган кун тозолу кудайым буйруса.
+2
AykaMer
2021-10-11 21:54:26
Ой,тобоо... Туулган күнү экен,достору, туугандары,аяш ата-аяш энелери куттуктап белек алып келет да?!!! Же эмне ушул белектерди алып келгиле, реклама кылабыз деп мамлекеттик казынадан акча алып таркатып берди беле?! Ай,сен туулсаң деле мен туулсам деле белек алабыз го. Просто бул президенттин кызы болгону үчүн бизге караганда кымбат,анан көбүрөөк белек алат да.Анын эмнесине ызы-чуу кыласыңар?! Түшүнбөйм да,супер инфо да акыркы кездери болбогон нерсени эле жаңылык кылып чыгара бермей болду...
0
Antiradikal3
2021-10-12 07:06:34
Племянница Садыра Жапарова с размахом отметила 21-летие. Мероприятие проходило в одном из отелей Бишкека.
Среди снимков, сделанных на дне рождения, есть фотографии девушки с рэп-исполнителями Miyagi & Andy Panda, группа Кисло-Сладкий, RICK 0407. После выхода публикации стало известно, что известные артисты рэп-исполнители остановились в отеле Novotel, где девушка отмечала день рождения.
------------

Отелге оз чонтогунон толошмок беле? Казынадан толонот да, элдин ак
0
Antiradikal3
2021-10-12 07:10:26
Элдин бешене тер, коз жашынан куралган акчалардан. Болбосо Садырдын байкесиби же инисиби миллиардер бекен? Садыр бийликке келгенден бери кутуруп жатышат да баары, мингени кымбат внедорожниктер, барган жери эн кымбат ресторан, отель, тунку клубдар. Жегени чуйгун тамак, кийингени эн кымбат кийимдер. Ошонун баарына оз бешене тери менен акча таап жумшаса мейли эле го, бирок мамлекеттен уурдалган же пара катары алынган акчаларда болуп жатпайбы кептин баары... Уурулар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан