Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы илим кызматкерлерин жана окумуштууларды 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктады.
“Урматтуу окумуштуулар жана илимпоздор! Сиздерди илим күнү менен куттуктайм. Учурда Кыргызстан чоң өзгөрүүнүн, жаңылануунун алдында турат. Бизге тынчтык, ынтымак жана жаратман эмгек керек. Быйыл өлкөдө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жолго түшүүдө”,- деп башталган куттуктоодо илим өкүлдөрүнүн өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуп жатканы айтылат.
Атамбаев илимпоздорго бекем ден соолук, бакыт, иштерине ийгиликтерди каалады.