"Ар-Намыс" жана "Либералдык-прогрессивдүү" партиясы шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган комиссия партиялардын билдирмелерин карап чечим кабыл алды. Партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.