Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.
"Шайлоочуларыма ыраазычылык айтып кетет элем. Таза шайлоо болду. Ошонун ичинде добуш сатып алуулар болду. Мыйзам бузуулар болду баа берилиши керек. Кандай гана басым болбосун эл өзүнүн баасын берип, шайлап беришти", - дейт ал.
Сузак шайлоо округунан Тазабек Икрамов эң көп добуш алды.