Президенттин жардамчысы Адинай Марипова "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанды. Бүгүн, 11-октябрда аталган партиянын съезди өтүп жатат.
Адинай Марипова апрель айында президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалган.
Буга чейин SUPER.KG порталы өздүк булагына таянып бул партия менен шайлоого Балбак Түлөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашова, Махабат Мавлянова, Эмил Токтошев, Өмүрбек Бакиров, Бактыбек Турусбеков, Арзыбек Карыбеков, Аккулу Бердиев, Сагындык Келдибаев, Абдыбек Дюшалиев бара турганын жазган.