Президент
Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы жана биринчи айым
Айгүл Жапарова Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде
добуш беришти.
Анда каттоодон өтүп, бюллетенди толтургандан кийин Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова бет кабын чечишип урнага барышты. Алгач өлкө лидери бюллетенди урнага салып, андан кийин жубайына жардам берди. Тагыраагы, Садыр Жапаров бюллетенди кайсы урнага кантип салууну көрсөттү.
Добуш берүү процесси аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.
Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш системада өтөт. Анда 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.