"Бүгүн талаш-тартышты токтотуп, өзгөрүүгө мезгил жетти". Жогорку Кеңештин төрагасы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанды

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте “Ынтымак” саясий партиясынын кезексиз съезди өтүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Ынтымак" партиясы менен шайлоого аттанып жатканы белгилүү болду.

Анда ал бир партияга биригүүнүн негизги максаты Кыргыз өлкөсүнүн келечеги экендигин белгилей өттү.

“Урматтуу партиялаштар, бүгүн бардыгыбыз аруу тилек, бийик максаттар менен элибиздин келечеги үчүн, мамлекетибизге кызмат кылуу үчүн “Ынтымак” деген партияга бириктик.

Бүгүн талаш-тартышты токтотуп, өзгөрүүгө мезгил жетти. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жалпы бир ой-максаттардын тегерегинде биригип, мамлекетибиз үчүн ак кызмат кылышыбыз керек.

Биздин максат бир эле партиянын алкагында эмес, мамлекеттин катарында башка партияларга да ийгилик каалоо менен бирге алардын асыл-ой максаттарын бөлүшүп, эгер алардын программасы туура болсо колдоп, кубаттап, чыгаан жигиттери болсо колдоо көрсөтүп, өзүбүздүн да ойлорубузду бириктирип жалпы элибиздин келечегине кызмат кылуу”, - деди Мамытов.

Буга чейин SUPER.KG порталы өздүк булагына таянып бул партия менен шайлоого Балбак Түлөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Айсулуу Мамашова, Махабат Мавлянова, Эмил Токтошев, Өмүрбек Бакиров, Бактыбек Турусбеков, Арзыбек Карыбеков, Аккулу Бердиев, Сагындык Келдибаев, Абдыбек Дюшалиев бара турганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан