Жылнаама, 10-ноябрда Калашников автоматын ойлоп тапкан Михаил Калашников жана КРнын туңгуч президенти Аскар Акаев туулган

*10-ноябрда   Калашников автоматын ойлоп тапкан  Михаил Калашников туулган ( 94 жыл мурун).   

Калашников автоматын  ойлоп тапкан  Михаил Тимофеевич Калашников 1919-жылы 10-ноябрда Орусиянын Алтай аймагынын Курья айылында туулган. Үй-бүлөдө 17-бала болгон. 1938-жылы Кызыл Армияга чакырылат. Аскерде жүрүп танкалык окуу жайын аяктап, курал чыгаруучу заводдо эмгектене баштайт. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип, фронтко жөнөйт. Согуштан оор жаракат алып, узак мезгил жатат. Дарыланып жүрүп совет аскерлери коркоктугунан эмес, куралынын алсыздыгынан окко учуп, чегинип жатат деп намыстанып өзүнүн алгачкы куралын жасап чыгат. Бирок анын тапкычтыгын өзүм билемдикке шылтоолошуп кылмыш деп табышып, жазалоого өкүм чыгарышат. Бирок анын ойлоп тапканы жөнөкөй нерсе эмес экенин кокустан байкап калган аскер чиновниги аны түрмөдөн сактап калган.

Согуштан кийинки кездерде армияга мыкты автомат талап кылынып, көптөгөн таланттуу ойлоп табуучулар куралдын үстүнөн иштей башташат. Аягында келип жогорку чиндеги тажрыйбалуу куралчыларды улуу сержант, үйрөнчүк куралчы, 27 жаштагы Михаил Калашников жеңип чыгат. 

Ошентип, 1949-жылы АК-47 деген ат менен 7,62 мм калибрдеги Калашников автоматы куралдар арсеналына кабыл алынган.

Михаил Калашников 1949-жылдан тарта Ижевск шаарындагы “Ижмаш” заводунда куралчылык жолун уланткан. Автоматтардын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгып, дүйнөгө таанытууга жетише алды. 

*10-ноябрь  1944-жылы Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти, академик Аскар Акаев туулган (69 жыл мурун). Кененирээк токтолсок, Аскар Акаев 1944-жылы Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылында туулган. 1961-жылы орто мектепти, 1968-жылы Ленинград институтун артыкчылык менен бүтүргөн. 1980-жылы Москва инженердик-физикалык институтунда доктордук илимий даражасын жактаган. 1989-1990-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болгон. 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти болуп шайланган. 2005-жылы Кыргызстандын аймактарындагы каршылык акциялар Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү менен аяктаган.

       

*10-ноябрь  1938-жылы Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Мустафа Кемаль Ататүрк көз жумган (75 жыл мурун).

*2010-жылы ЖКнын 5-чакырылышынын депутаттары алгачкы жыйынга чогулушуп, мандаттарын алышкан (3 жыл мурун).

10-ноябрда Кыргызстанда жана Дүйнөдө бир топ маанилүү окуялар болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан