Бишкекте Кыргыз ССРинин эл артисти Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 11-октябрда Кыргыз ССРинин Эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, "Данакер" орденинин кавалери, көрүнүктүү опера ырчысы (сопрано) Ирина Деркембаева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы сапарга узатуу зыйнатында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасынова сөз сүйлөп эскеришти.
Акыркы сапарга узатууга маданият тармагынын өкүлдөрү, Ирина Деркембаеванын туугандары катышты.
Маркумдун сөөгү "Ала- Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.
Ирина Деркембаева 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.
1978-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан