Өлкөгө AstraZeneca вакцинасы алып келинди

AstraZeneca вакциналарынын жаңы партиясы Кыргыз өлкөсүнө жеткирилди. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазылды.

Маалыматка ылайык, колдоо максатында Польша Кыргыз өлкөсүнө Европа Биримдигинин жарандык колдоо механизми боюнча AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасын берген.

"Бүгүн, 11-октябрда "Манас" аэропортунда вакциналар менен жүктү саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан