Канатбек Маматов "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого аттанды

Канатбек Маматов "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого аттанды. Бул тууралуу аталган партиянын съездинде белгилүү болду.

Ал буга чейин Кыргыз футбол союзунун президенти кызматын аркалап келген. Шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берген.

Канатбек Маматов аталган кызматка 2019-жылдын 9-февралында 4 жылдык мөөнөткө шайланган. Ушул эле жылдын июль айында Азия футбол конфедерациясынын аткаруучу комитетинин чечими менен АФКнын социалдык жоопкерчилик комитетинин башкармалыгынын орун басары болуп бекитилген. АФКнын социалдык жоопкерчилик комитети - бул АФКдагы туруктуу комитет. Социалдык жоопкерчилик комитети АФКнын негизги жана маанилүү бөлүмдөрүнүн бири.

2019-жылы Канатбек Маматов АФКнын Аткаруучу комитетине дагы мүчө болуп шайланган. Маматов Футбол союзунун башчылыгынан кеткени менен аталган комитеттин мүчөсү болуп калат. Анда ал бул уюмга кирген 6 өлкөнүн кызыкчылыктарын көрсөтүп жана коргоп келет.

Ал Футбол союзунун президенттигине шайланганга чейин 3 жыл Кыргыз Республикасынын футбол федарациясынын вице-президенти кызматын аткарып келген.

Маматов Футбол союзунун башына келгенден кийин масштабдуу маселелердин бири - заманбап, эл аралык стандарттарга шайкеш келген футболдук аянтчасын куруу керектигин көтөрүп чыгып, аны чечүү үчүн ар тараптуу аракеттерди көрдү. "Бул абдан зарыл болсо да футболдук аянтча үчүн жер тилкеси бөлүнбөй жатканы өкүнүчтүү" дегени бар анын.

Ушул жылдын 16-сентябрында Кыргыз өлкөсү ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 3 сапка жогору көтөрүлүп, Казакстан менен Тажикстанды артка калтырган.

Айта кетсек, Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда, чет элдик футболдук клубдарда дагы ойноп келген. Ал Индия чемпиондугунда "HAL Бангалор" жана "ITI Бангалор" клубдарында күч сынашкан. Профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган соң ардагерлер арасындагы чемпиондуктарда күч сынашып, "Топ Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" командаларында ойногон. Маматовдун өмүр баянын бул шилтемеден окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан