Чүйдө мал уурдаганга шектелип кармалган 5 адамдын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды

Чүй облусунун Москва районунда мал уурдаганга шектелген балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда милицияга 1982-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар сарайына кирип, 20 миң сомдон ашык акчага бааланган бодо малын уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Натыйжада кылмышка шектелип 5 адам кармалган. Алар 2002-жылы туулган С.У., 1998-жылы туулган Н.А., 2002-жылы туулган К.И., 2001-жылы туулган М.Ы. жана 1999-жылы туулган Д.М. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын дагы 4 мал уурулук фактысына тиешелүү экени аныкталган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан