Казакстанда соттолгон Дамирбек Асылбек уулу бир мандаттуу шайлоо округунан шайлоого аттанат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Ал №35 Ак-Суу округунан шайлоого катышат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендердин саны 228ге жетти.
2019-жылы 24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны "улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө", "экономикалык контрабанда" беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 2020-жылы 18-ноябрда экстрадицияланган. Былтыр, 19-августта абактан чыкканы белгилүү болгон.