Ысык-Көл облусунда 72 жаштагы тургунду айдоочу сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен

Ысык-Көл облусунда 72 жаштагы тургунду айдоочу сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү болжол менен саат 19:06 чамасында Каракол-Эңилчек жолунда белгисиз айдоочу Шапак айылынын 72 жаштагы тургунун сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жөө жүргүнчү мас абалда жолдун ортосуна отуруп алгандыгы себеп болгон.

Кызматкерлер тарабынын изи сууй электе Хундай-Сантафе унаасынын 36 жаштагы айдоочусу кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бул факты Ак-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан