Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

1964-жылы 14-сентябрда Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.

Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун унаа жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
2005-жылдан 2007-жылга чейин экономика жана финансы министри;
2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – финансы министри;
2007-жылдын 27-декабрында Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин биринчи вице-премьер-министр;
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин каржы министри;
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат.

Садыр Жапаровду “лампочкам” деп алкаган апа Ак Үйгө келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ozgocho111
2021-10-12 16:48:57
Саясаттын бутпогон сасык оюндары башталды...
+4
Nursul
2021-10-12 17:00:37
Эмне дейли эми баягылыр баягылар эле да. Бир капталын жеп бүтүп койгондорду эмес иштин көзүн билген жаштардан качан коёбуз.
+5
Aimani
2021-10-12 19:07:21
Жегич болгону болбосо мээси жакшы иштейт болуш керек
-3
Tursunbaev1978
2021-10-12 19:50:37
Aimani,Бакиевтин маалында,министр кезинде ХИПИКке мүчө боло калайлы деп чыккан,депутаттар колдобой койгон,Таджикстан мүчө болуп жерин Кытайга алдырды,бул накта жегич,мээси тоок мээ
+3
Katrina.
2021-10-12 19:18:39
Башталды.
+4
Alishdaman
2021-10-12 20:08:13
Мэ сага Кыргызстандын бир жерин жулуп же чекесинен казып же жетпей калган жериңе сатып же болуп калды капырай оңолбодук такыр ай
+3
Antiradikal3
2021-10-12 20:10:42
Акылбек Жапаров 20-25 жылдан бери саясатта. Ар кандай тепкичтерде болду. Бирок же министр же депутат болуп журуп эмнени кыйратты? Экономиканы жакшы тушунот, кантип элге билгизбей уурдаганды, жуздогон гектар жерди кантип эч кимге билдирбей менчиктеп коргондогонду....

Ээйййй дакансалар... Садыр менен Камчыны колдоп журуп эми да жете элекпи? Кайра эле жегичтер бийликке келип жатканын козунор корбой, кулагынар укпай жаткандыр?!

Акылбек Жапаровду да колдойсунар да айла жок.
+5
amirrus
2021-10-12 20:26:57
Жей турган жерге эми келипсиз Акылбек мырза,тойгучак жеп ашканын уйунузго алып барып бекитиниз 5-10жылда кошо алып кетесиз тиги жакка,жаны бийликтен ушуну кустурат деп куткон элем , карышкырга кой кайтартканы жатышкан го эми
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан