Акыйкатчы: “Ноокендеги убактылуу кармоочу жайда мыйзам бузуулар аныкталды”

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы убактылуу кармоочу жайда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрда акыйкатчынын аппарат жетекчиси Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзгөн.

"Анда “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмышка шектүү деп табылган жаранды 13-августта Ноокен райондук соту 11-октябрга чейин камакка алган. Бирок ал 12-октябрда дагы соттун чечими жок убактылуу кармоочу жайда кармалып турган. Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө аталган жайдын аптечкасында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бар болгону аныкталган, ал эми бир нече шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде медициналык текшерүүдөн өтүшкөн эмес. Жогорудагы фактылардын негизинде тиешелүү акттар түзүлүп, алар мамлекеттик тийиштүү органдарга жоопкерчилик чараларын көрүү жана мыйзам бузууларды четтетүү үчүн жөнөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан