Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тариел Жоробеков азык-түлүктөрдүн бааларын турукташтыруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.
"Элдин биринчи муктажы азык-түлүк коопсуздук маселеси. Азыр азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлүп жатат. Бааларды турукташтыруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?", - деди депутат.
Акылбек Жапаров: "Биз бул боюнча кечиктирилгис чараларды көрдүк. Элге ачык айтып коёлу, дүйнө жүзүндө баалар өсүп жатат. Колунда жокторго жеткиликтүү бааларда азык-түлүк берип турабыз", - деди.