Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кылмыштуулук боюнча маселе көтөрдү.
"Камчыбек Кыдыршаевич (ред. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев), кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө министрлердин күчү жетпей калды. Бул маселени сиз дагы карабасаңыз. Бул маселени президенттин деңгээлине алып чыгалы. Көп кылмышкерлерди ордуна койдуңуз. Фарм, бензин мафияны токтотуңузчу", - деди ал.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Кылмыштуулук бир жыл мурун кандай болгонун жакшы билесиздер. Бир жыл мурда мамлекетибизди кылмышкерлер ээлеп алган. Уюшкан кылмыштуулук ээлеп алган. Алар мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, ишканаларга кол салып башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсүбү, жетекчиси же башкасыбы башын көтөрүп көрсүн, башын жанчыйбыз", - дейт.