Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерин Жаштар күнү менен куттуктады

 

Кечээ, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Жаштар күнү менен куттуктады.

 

Куттуктоонун тексти:

 

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу достор! Сиздерди Жаштар күнү менен куттуктайм!

Быйыл Кыргызстан 22 жылдыгын белгиледи. Жыйырма эки жаш – өз алдынча турмушка аттанган мезгил. Келечекке жаңыдан кадам шилтеген кез. Жаштыктын курагы. Бүгүн биз жаңы Кыргызстанды куруп жатабыз. Бул максатка жетүү үчүн өз күчүбүзгө, катардагы мекендештерибизге, жаштарыбызга таяна алабыз. Учурда Кыргызстан демилгечил, билимдүү, иштерман жана мекенчил жаштарга муктаж.  Өз максаты үчүн - эркин, күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн талыкпай күрөшүүгө жөндөмдүү жаштарга муктаж!

Кымбаттуу достор!

Акыркы жылдары жаштар саясатка аралаша баштаганы абдан кубандырат.  Ишкерликте да өзүн көрсөтө алган жаштарыбыз арбын. Биз жаштардан татыктуу элита даярдоого милдеттүүбүз. Саясатта жана экономикада улуу муундун ордуна жаңы элита келүүгө тийиш.

Тилекке каршы, бүгүн жаштардын ишенчээктигин пайдаланып, эркиндик жана демократия ураандарын жамынып,  өздөрүнүн бузуку аракеттери менен жаштарыбызды мыйзам бузууга түрткөн саясатчы сөрөйлөр көбөйдү. Алар жаштарыбызды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышат.  Жаштарыбыз эч качан бузукулардын колундагы куралына  айланбашы керек.

Кымбаттуу достор!

Сиздерге, жаштыктын жаратман күчүнө ишенебиз. Биргелешип, өлкөбүздүн тынчтыгын жана туруктуулугун сактап, жаркын келечек үчүн эмгектенүүбүз зарыл. Кыргызстанды  заманбап, өнүккөн өлкө кылууга колдон келген күч-аракетти жумшайлы. Ар бир жараныбыз Мекени менен сыймыктангыдай кылалы.

Алдыга койгон максаттарыңарга жетүүдө кажыбас кайрат, чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Кыргызстаныбызга - тынчтык жана биримдик!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан