"Бир жылда бир гана жолу тойго бардым". "Бирөөнү чукулап, мамлекетти жаман жакка тартып жатасыз". Ташиев менен Бекешев кайым айтышты

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жаштарга үлгү болуу керектигин айтты.

"Кээ бирлери тойлорго барып, кимдерди кустуруп жатса ошолор менен бир столдо отурат. Жаштардын көбү кеткиси келип жатат. Жакшы үлгү көрсөткүлө", - дейт Дастан Бекешев.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Сындаган бул жакшы. Сын менен алдыга жылабыз. Ал эми каралоо бул башка. Каралаганда эч кандай жакшы нерсе алып келбейт. Мыйзамды бузсаңыз сизди дагы жазалайбыз. Тойго бирөө менен барсам дос болуп калганды билдирбейт. Сиз тараптан бир дагы жолу пайдалуу сын уга элекмин. Кереги жок нерсени айтасыз. Жөн эле отуруп алып каралап, коомду бузуп жатасыңар. Сиз үлгү тууралуу айтып жатасыз. Биз коррупцияга каршы күрөшүп жатканыбыздан үлгү алышсын. Бирөөнү чукулап, мамлекетти жаман жакка тартасыз", - дейт.

Бекешев: "Сизге каршылыгымды айткан жокмун. Бул дагы башкаларга үлгү болуп жатпайбы. Тойго барганыңызды айтып жатам", - деди.

Ташиев: "Мен бир жылда бир жолу тойго бардым. Күнүгө тойго барган жокмун да. Ким көрсө айткыла. Мен Райымбек Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Аны менен бир столдо отурсам дагы муну жаман деп ойлобойм. Анткени ал башкаларга салыштырмалуу 2 миллиард сом төлөгөн", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан