Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Дастан Жумабеков жаңы курамды эл үчүн иштөөгө чакырды.
"Президент Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо 80 пайыз эл колдоду. Мындан кийин Садыр Жапаровдун жүзүн жер караткан Кудай сактасын, эл караткан да силер болосуңар. Анткени бүгүнкү программаңыз менен убада бердиңиз. Командаңызды көрүп жатабыз. Ийгилик каалайм. Эл үчүн иштеп берели", - дейт ал.