"Журналист кызга белгисиз жаран келип ал журналист кыз жөнүндө маалыматтарды айтып жатканда ал кыз аны сүрөткө тартууга аракет кылган. Бирок ал киши кыздын телефонун чаап салып, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган. Мени ушундай маалыматтар абдан чочулатат, кайсы бир пост, кайсы бир сын үчүн УКМК ал адамдын артынан түшкөнү демократияны талкалоо деп эсептейм", - деди депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамы каралып жаткан жыйында.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындай мааниде чыгып жаткан маалыматтар чагымчылдык деп сыпаттады.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде даярдыктан өткөн, абдан билимдүү адамдар иштейт. Алар эч качан кайсы бир адамдын алдына барып ушундай мамиле жасашы мүмкүн эмес. Мен комитетте иштеген кызматкерлерди билген адам катары айтам, биздин кызматкерлер эч качан, эч кимге зыян келтирбейт. Билбесеңиз, сураныч билип алыңыз. Бул жактан камсанабаңыз. Демократиялык жолду улантуу биз үчүн да маанилүү. Ошол журналист кыз эртең мага келсин, териштирип беребиз", - деди Ташиев.