Бүгүн, 13-октябрда депутат Искендер Матраимов күч түзүмдөрүн Оштон Бишкекке жөө жүрүш менен келгендерди текшерүүгө чакырды.
"Камчыбек Кыдыршаевич, Улан Омокановичке кайрылгым келип жатат. Шайлоо башталган сайын кимдер кантип асылып жатканын билем. Буга 4 жылдан бери көнүп деле калдык. Аларга бүгүн деле жооп кайтарбайм. 4-5 адам Бишкекке жөө келишти. Кимдин уюштуруп жатканын баарын изилдеп көрдүм. 4 жылдан бери мен деле милицияга ишке кире турган болуп калдым. Алар айтып жаткан жер 1996-жылы берилген экен. Суу жер болуп 2008-жылы токтом артка кайтарылган. Алар үйлөрдү куруп алган экен соттун чечими менен артка кайтарса бирөө жарым Матраимовдорду кошуп койсоң жакшы текшерип берет деп айтыптыр. Алардын Ош ОИИБинде иши бар экен, ошону текшерип бергилечи. Акыры жыйынтыгы чыгыш керек.
Ал эми бүгүн жыйында анча-мынча инилерим айта берет. Алар компьютерден башына бир нерселерди жаздырып келет да ар нерсе дей беришет. Иниме ар дайым айтам, ал "болду байке" дейт да, эртең менен оюна келгенди айта берет. Өздөрү сүйлөмөк эмес, буларга айттырышат", - деди ал.